Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
КР ТИМи чет элдик ЖМКлар үчүн Көчмөндөр оюндарына аккредитациялоону ачты — кенен маалымат
04.07.2026 | 12:09

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин республикада өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн аккредитациялоо башталгандыгын жарыялады.
Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, аккредитацияга арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 10-июлуна чейин (ошол күндү кошо алганда) уланат.
Аккредитация алуу үчүн белгиленген форманы толтуруп, аны жалпы жарандык паспорттун көчүрмөсү (сканерленген варианты) менен бирге [email protected] жана [email protected] электрондук даректерине жөнөтүү зарыл. Каттын темасында «Аккредитация ВИК» деп көрсөтүлүшү керек.
ТИМден белгилешкендей, аккредитация берүү боюнча чечим берилген документтер каралгандан кийин кабыл алынат. Жыйынтыктар тууралуу арыз ээлерине белгиленген тартипте маалымдалат.
Кошумча маалыматтар, анын ичинде мелдештердин программасы, ошондой эле уюштуруу жана логистикалык маселелер аккредитациядан өткөн ЖМК өкүлдөрүнө жөнөтүлөт.