Бүгүн, 25-сентябрь күнү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Шахты Жыргалаң айылынын Көк-Бел жайлоосунда эс алууга чыккан эки чет элдик турист жолдон адашып, унаасы сазга тыгылып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, жерине аталган министрликтин Тоо-кен-куткаруу кызматынын 7-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунан 3 куткаруучу тартылып, унааны саздан сүйрөтүп жолго чыгарып беришкен.
Жабыркагандар жок.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда