Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Ысык-Көл ОИИБдин Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкери чөгүп бара жаткан өспүрүмдү куткарып калды
14.07.2026 | 12:10

Чолпон-Ата шаарындагы кум жээкте Ысык-Көл ОИИБдин Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкери, милициянын сержанты Бауржан Абакиров чөгүп бара жаткан өспүрүмдү куткарып калды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, кечээ эркек киши жашы жете элек уулу менен эс алып жүргөн учурда аба ырайы кескин начарлап, катуу шамал башталган. Натыйжада толкундар өспүрүмдү терең жерге тартып кеткен. Баланын апасы жардам сурап жакынкы милиция пунктуна кайрылган. Билдирүүнү алган сержант Абакиров дароо көлгө кирип, өспүрүмдү жээкке алып чыккан.
Жеринде балага биринчи жардам көрсөтүлдү. Анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жок.
Өспүрүмдүн апасы милиция кызматкеринин кесипкөйлүгүн жана ыкчамдыгын белгилеп, ага ыраазычылык билдирди.