Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында 2-августта жол кырсыгы катталды. Бул боюнча күбөлөр тарткан видео социалдык тармактарга тарады.
Алдын ала маалыматтар боюнча, унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен.
Жабыркагандар бар. Азырынча андан башка маалыматтар айтыла элек.