Ысык-Көлдө 33 жылдан кийин “Мурас” ат чабышы өтүүдө
Ысык-Көл облусунун Борбордук ат майданында 33 жылдан бери алгачкы жолу улуттук деңгээлдеги “Мурас” ат чабыш турнири өтүп жатат. Бул иш-чараны Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги уюштурган.
Иш-чаранын ачылышына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышып, кыргыз элинин жылкыга болгон терең урмат-сыйы жана маданий мурасы тууралуу сөз сүйлөдү.
“Ат — адамдын канаты. Ат оюндары — бул биздин тарыхыбыз, рухубуздун символу. Бүгүнкү саяпкерлер замандын талабына ылайык мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп жатышат,” — деди министр.
Министрликтин маалыматына ылайык, учурда №54 мамлекеттик асыл тукум жылкы заводун министрлик өз карамагына алып, “Кыргыз”, “Жаңы-кыргыз”, орус таскак жана асыл тукум миңги породаларын өстүрүү кайра жанданды.
Министр белгилегендей, Кыргыз жылкыларына Европа, Азия, Монголия, Япония жана Араб өлкөлөрүнөн кызыгуу артууда, быйыл 200дөн ашык кыргыз жылкысы экспорттолгон.
“Бул — чоң жетишкендик. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жылкы чарбасы мамлекеттик колдоого алынууда. Комплекстүү мамиле аркылуу Борбор Азиядагы ат спортунун лидери болобуз,” — деп кошумчалады Төрөбаев.