Ысык-Көлдө алдыңкы бүтүрүүчүлөр жана мугалимдер сыйланды

Ысык-Көлдө алдыңкы бүтүрүүчүлөр жана мугалимдер сыйланды

Бүгүн, 10-июлда Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов билим берүү тармагынын жыл жыйынтыгы менен кесипкөй мугалимдер менен бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, баалуу белектерин тапшырды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага, билим берүү тармагына олуттуу салым кошуп, үзүрлүү эмгектенген мыкты мугалимдер “Жылдын мыкты мугалими — 2023” кароо сынагынын жыйынтыгында мыкты мугалим деп табылган мугалимдер жана жалпы республикалык тестирлөөдө эң көп балл алган бүтүрүүчүлөрдү “Алтын тамга” ээлерин, республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн, спорт багытында мыкты жетишкен бүтүрүүчүлөрдү, коомдук иштерге активдүү катышкан мыкты бүтүрүүчүлөр презденттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамота диплом жана Алкыш баракчалары менен сыйланды.

— Билим берүү тармагына олуттуу салым кошуп, үзүрлүү эмгектенген 24 мыкты мугалим “Ардак грамота” жана азыркы заманбап чаң соргуч аппараттары менен сыйланды.

— “Жылдын мыкты мугалими — 2023” кароо сынагынын жыйынтыгы менен 20 мыкты мугалим өкүлдүн “Диплому” жана баалуу белектер менен сыйланды.

— Республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 8 бүтүрүүчүсүнө өкүлдүн “Алкыш баракчасы” жана планшет тапшырылды.

— “Алтын сертификат” ээлери жана Олимпиадада жеңген 10 бүтүрүүчү уюлдук телефон менен сыйланды.

— Ал эми Спорт багытында мыкты жетишкен бүтүрүүчүлөрдү, коомдук иштерге активдүү катышкан 50 мыкты бүтүрүүчүгө “Алкыш баракча” жана 2000 сом акчалай сыйлык тапшырылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>