Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан эки адам аман-эсен табылды

Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан эки адам аман-эсен табылды

Жети-Өгүз районунун дайынсыз болгон 2 тургуну аман-эсен табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 7-апрель күнү саат 21:30 чамасында Ак-Шыйрак айылынан Барскоон айылына Toyota Land Cruiser унаасы менен 51 жаштагы У.М. жана 34 жаштагы М.А. аттуу адамдар кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган аймакта болуп жаткан бороонго карабай адамдарды издөөгө ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан ыкчам топ Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 офицер, унаа жолду тазалоо үчүн №3 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч жана “Кара-Сай” чек ара тозотунан 6 аскер кызматкери атайын техника менен тартылган.

Чек ара кызматкерлери тозоттон 18 чакырымдагы аралык алыстыктан дайынсыз адамдар аман-эсен табылган соң ӨКМдин кызматкерлери унаасын сүйрөп, жарандарды коопсуз аймакка алып келишкен.

Аталган жарандар Ак-Шыйрак айыл аймагынын Үч-Кошкон айылындагы мектепке жылуулук түтүгүн орнотуу боюнча барышкан.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>