Эрлан Шеров Азия оюндарында дзюдо боюнча күмүш медаль утту«Бишкекгаз» 5–7-октябрда Бишкектин ири аймагында газды өчүрөтМаммүлктү башкаруу агенттигинде 336,7 млн сомдук жана $3,6 млндук мыйзам бузуулар аныкталды — Эсептөө палатасыУлуттук фтизиатрия борборунун аталышы өзгөртүлүп, ага пульмонология багыты кошулдуБишкектин Аалы Токомбаев проспектисиндеги жөө адамдар өтүүчү жол жарыктандырылдыБишкекте абитуриенттерге Орусиянын ЖОЖдорунда билим алуу тууралуу айтып беришти
Жогорку Кеңешти каржылоого март айында 92 млн сом жумшалды
11.04.2023 | 11:01
Каржы министрлиги март айында Жогорку Кеңешти каржылоого 91,9 миллион сомдон ашык каражат жумшалганын, бул бюджеттин баштапкы планынан 10,9%га же 9 миллион сомго көп болгонун билдирди.
Март айындагы чыгашалар 2023-жылдын биринчи чейрегинде эң жогорку болгон жана 2022-жылдын март айындагы чыгашалардан дээрлик 40% ашкан.
Финансы министрлиги тарабынан берилген маалыматтар март айында эмгек акы чыгашалардын дээрлик 64%ын түзүп, ага 58,4 млн сом бөлүнгөнүн көрсөтөт.
Дагы бир олуттуу керектөө автоунааларга жана жабдууларга келип, анын баасы 13 миллион 183,2 миң сомду түздү.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика