«Хизб ут-Тахрирдин» катарынан чыккан жарандын кайрылуусу (видео)

«Хизб ут-Тахрирдин» катарынан чыккан жарандын кайрылуусу (видео)

Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү тургун «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун катарынан чыкты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматтын кызматкерлери 43 жаштагы И.Х. аттуу тургун менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында ал диний экстремисттик уюмунун катарынан чыккандыгын билдирген.

«Менин диний жана тиешелүү билимдерим жоктугунан бирөөлөрдүн чакырыгы мененби же туура эмес азгырыктардын айынанбы “Хизб ут-Тахрир” уюмунун идеясын туура көргөм. Бирок убакыт таразалап койду.  Мен аалымдардын насыяттарын окуп, угуп, милиция кызматкерлердин түшүндүрүү иш-чараларын көрүп,  жашоомо, коомго жана үй-бүлөмө көз карашым таптакыр өзгөрдү.

Мен өзүбүздүн салттуу динибизди карманып, биздин коомго, үрп-адатка чоочун келген агымдардан баш тартам жана азыркы мезгилде мен сыяктуу адашып, радикалдык агымдарды тутунган, азгырылган жарандарды, айрыкча жаштарды туура жолдо жүрүүгө чакырып кетемин», — деп коомчулукка кайрылуу жасады.

ИИМден белгилешкендей, буга чейин Кара-Суу районунда да бир жаран «Хизб ут-Тахрирдин» баш тарткандыгын билдирген.

«2023-жылдын 3 ай ичинде экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан жарандар арасында диний экстремизмди, терроризмди, улуттар жана региондор аралык чыр-чатактарды алдын алуу жана көзөмөлдөө максатында диний уюмдардын, коомдук бирикмилердин, диаспора өкүлдөрү менен биргеликте 381 жолу алдын алуу багытында түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлгөн», — деп билдирет министрлик.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>