Ысык-Көлдө кийим тигүүчү цех ишке кирди

Ысык-Көлдө кийим тигүүчү цех ишке кирди

Ысык-Көл районунун Ананьев айылында жеке ишкер Абдулла Базарбаевдин «АГО Инстайл» ЖЧКсынын кийим тигүүчү фабрикасы ачылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн, 25-апрель күнү ишкананын расмий ачылышы болуп, ага президенттин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев, облус башчысы Илияз Иманбетов, район жетекчилиги жана айыл тургундары катышкан.

Маалыматка караганда, 200 адам иштеген ишкана Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке кирген. Фонд фабрикага 20 млн сом бөлгөн.

«Бүгүнкү күндө курулуш иштери аяктап, тигүүчү эмеректер орнотулуп, тикмечилер алынып, окутуудан өткөрүлдү. Ишкана тарабынан өндүрүлгөн продукция (аялдардын жана эркектердин сырткы кийимдери) Орусияга экспорттоого багытталган», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>