Бишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары

12.10.2026 | 16:20

Бишкектин үй-бүлөлүк медицина борборлорунда (ҮМБ) курч кармаган респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ) белгилери байкалган балдардын ата-энелери үчүн телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борбору билдирди.

Балада КРВИнин алгачкы белгилери пайда болгондо, ата-энелерге колл-борборлорго кайрылуу сунушталат.

Бишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары — Новости Кыргызстана
Телефон аркылуу кеңештер жекшембиден башка күндөрү күн сайын саат 08:00дөн 18:00гө чейин берилет. Эпидемиологиялык абал курчуп кетсе, колл-борборлордун иш убактысын саат 20:00гө чейин узартуу пландалууда.

Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борбору ошондой эле шаар тургундарын сезондук инфекциялардан сактануу үчүн алдын алуу чараларын көрүүгө чакырды.

Scroll to Top