Тергөөдөгү мыйзам бузуулар боюнча эң көп арыз ИИМге түшкөн — Акыйкатчы

2025-жылы Кыргызстандын Акыйкатчы институтуна сотко чейинки өндүрүштө адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу 588 жазуу жүзүндөгү кайрылуу түшкөн. Бул жалпы жазуу жүзүндөгү кайрылуулардын 26%ын түзөт. Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Жогорку Кеңеште 2025-жылдагы адам укуктарынын жана эркиндиктеринин абалы боюнча жылдык баяндамасын сунуштап жатып билдирди.
Эң көп кайрылуу ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аракеттерине же аракетсиздигине байланыштуу болгон — 357 арыз.
Мындан тышкары, прокуратура органдарына байланыштуу 121, тергөө судьяларына карата 77, ал эми УКМК органдарына байланыштуу 33 кайрылуу түшкөн.
Жаманбаеванын айтымында, негизги көйгөйлөрдүн катарына тергөөнүн создуктурулушу, айыптоого бир жактуу мамиле жасоо жана кызматтык этиканын бузулушу кирет.
Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсүнөн кийин айрым укук коргоо органдарынын кызматкерлери тартиптик жоопкерчиликке тартылып, кээ бир иштер кайра кароого жөнөтүлгөн.