Ысык-Көлдө күн станциясынын курулушу башталды

Ысык-Көлдө күн станциясынын курулушу башталды

Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында 300 мегаватт кубаттуулуктагы биринчи күн станциясынын курулушу башталды. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары министри Динара Кутманова билдирди.

Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде Жашыл каржылоо борборунун (Казакстан) колдоосунда жана Евразия өнүктүрүү банкынын I этаптагы 50 МВт каржылоосунда ишке ашырылууда.

“Бул долбоор Борбор Азиядагы эң чоңу, салыштыруу үчүн күн энергетикасы тармагындагы кайра жаралуучу энергиянын эң ири долбоорлору Өзбекстанда жайгашкан жана долбоордук кубаттуулугу 120 жана 100 МВт”, — деп белгиледи министр.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, долбоордун баасы 300 миллион долларды түзөт.

Ал ошондой эле күн станциясы жылына 600 миллион киловатт-саат электр энергиясын өндүрө аларын белгиледи. Бул 140 миллион кубометрден ашык жаратылыш газын пайдаланууга барабар.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>