Бишкектеги Тез жардам борборунун директору КМШ өлкөлөрүнүн сынагында жеңүүчү болду«Эл алдында тизе бүгүүгө даярмын»: Рамиз Алиев депутат Сурабалдиевага жооп бердиПрокурордун формасын кийип, акча алган: Бишкекте аял алдамчылыкка шектелүүдөКыргызстанда түн ичинде үч жер титирөө катталды, эң күчтүүсүнүн магнитудасы 5,6 болдуКыргызстанда жүзүн жашыргандар үчүн айып пулду эки эсе азайтуу сунушталуудаКыргызстандык гимнасткалар эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту
Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган браконьерлер кармалды
21.04.2025 | 09:53
Ысык-Көлдө 20 күндүн ичинде мыйзамсыз балык уулоонун 9 фактысы аныкталды. Бул тууралуу аталган облустун милициясы маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, мыйзамсыз балык кармагандар Ысык-Көл, Түп жана Жети-Өгүз райондорунда кармалышкан. Алардан 210 даана чебак, 3 даана форель, 6 даана судак, 31 даана карась жана 8 даана сига балыгы — жалпысы 262 даана балык алынган.
Милиция учурда бул боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар