Ысык-Көлдө куралдар жана ок-дары сакталган жашырун жай табылды

Ысык-Көлдө куралдар жана ок-дары сакталган жашырун жай табылды

Ысык-Көлдүн Булан-Сөгөтү айылында ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жашырун жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 1 күжүрмөн тапанча (револьвер), 2 жылмакай сайлуу аңчылык мылтык (араланган мылтык) жана 6 даана 9 мм калибрлүү патрондор табылган.

Бул факт боюнча материалдар Ысык-Көл облустук милициясына өткөрүлүп берилип, Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда ыкчам-издөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>