Президент Жапаров Кой-Таштагы аскер бөлүгүнө күтүүсүз барды

Президент Жапаров Кой-Таштагы аскер бөлүгүнө күтүүсүз барды

Президент Жапаров бүгүн, 13-сентябрда, Бишкекке жакын жайгашкан №73809 Кой-Таш аскер бөлүгүнө күтүүсүз барды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Султанбаев билдиргендей, президент аскер бөлүгүндөгү кызмат өтөө шарттары менен таанышып, командирлер жана жоокерлер менен баарлашкан.

«Аскер бөлүгүнүн аймагындагы совет мезгилинде курулган имараттардын көбү бүгүнкү күндө бир топ эскирген. Мамлекет башчысы кызмат өтөө шарттары менен таанышкан соң, жоокерлер клубунун жана бөлүк штабынын жаңы имараттарын куруп баштоону, ошондой эле казарма жайгашкан 4 кабаттуу имаратта оңдоо иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Ошону менен бирге президент Жапаров бөлүктүн аймагында жакынкы аралыкта курулушун баштоо пландалып жаткан бала бакчанын курулушуна бөлүнгөн жер тилкесин дагы көрдү», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>