Ысык-Көлдө УКМКнын төрагасынын кубогу үчүн спартакиада аяктады

Ысык-Көлдө УКМКнын төрагасынын кубогу үчүн спартакиада аяктады

Бүгүн, 6-сентябрда Ысык-Көл облусунда УКМКнын бардык облустук башкармалыктарынын жана башка бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин, ошондой эле УКМКнын ардагерлеринин катышуусундагы УКМКнын төрагасынын кубогу үчүн спорттун командалык түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада жыйынтыкталды.

Буга чейин маалымдалгандай, иш-чара спорттун беш түрү: волейбол, футбол, баскетбол, шахмат жана стол тенниси боюнча өттү.

Спартакиаданын жалпы жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө Төраганын кубогу жана байгелер ыйгарылды. Спартакиаданын жабылыш аземине Министрлер кабинетинин орун басары – УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант К.Ташиев катышты.

Ал бул иш-чарага катышкандардын бардыгына ыраазычылык билдирип, кызматкерлердин ыкчам иш-аракеттеринин жогорку натыйжалуулугун камсыз кылуунун кепилдиктеринин бири катары спортту өнүктүрүүнүн жана кызматкерлердин дене тарбия деңгээлин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилеп, тийешелүү тапшырмалар өздүк курамга берилди.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>