Салык кызматы Касымовдун өлүмүнө байланыштуу үн катты

Салык кызматы Касымовдун өлүмүнө байланыштуу үн катты

Салык кызматы салык кызматкеринин кайгылуу өлүмүнө байланыштуу анын үй-бүлөсүнө көңүл айтат. Бул туурасында аталган кызматтан билдиришти.

Мамлекеттик салык кызматы Ысык-Көл району боюнча салык органынын кызматкерлеринин ортосунда 6-сентябрда түн ичинде болгон кайгылуу окуядан алардын бири бычактан алган жаракатынан улам ооруканада көз жумгандыгын өкүнүү менен кабыл алды.

Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги жана жамааты каза болгон Урмат Касымовдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, орду толгус жоготуунун азабын жана кайгысын тең бөлүшөт.

Салык кызматы үчүн эки кызматкердин иш учурунан тышкаркы чыр-чатагы кайгылуу аяктаганы өтө өкүнүчтүү”- деп айтылат көңүл айтууда.

Ысык-Көлдө эки салык кызматкердин чыры өлүм менен аяктаган.  6-сентябрь күнү саат 03:10 чамасында Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт кызматына райондук аймактык ооруканадан билдирүү түшүп, анда Ананьево айылынын 34 жаштагы тургуну К.У. курсагынан учту нерсе менен жаракат алып түшкөндүгүн жана жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей каза болгондугу маалымдалган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Ысык-Көлдө эки салык кызматкердин чыры өлүм менен аяктады

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>