Президенттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаятБишкектин айрым райондорунда 6-октябрда 17 саатка суу өчүрүлөт
Ысык-Көлдө жер силкинди
16.09.2021 | 16:38
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 12:31де Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болгон.
Жер титирөө Тоң районунун Дөн-Талаа, Булан-Сөгөттү, Ала-Баш айылдарында 3 баллга чейин, Көк-Сай, Кызыл-Туу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигин басма-сөз кызматы билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом