Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Ноокенде жергиликтүү дыйкан, багбандар үчүн транспорттук-логистикалык борбор курулат
06.08.2026 | 13:22

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кызыл-Туу айылында мөмө-жемиш сактоочу транспорттук-логистикалык борбор курулат. Азыркы тапта Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы объектинин эскиздик долбоорун иштеп чыкты.
Курулуш министрлигинин маалыматында, долбоор Кызыл-Туу айылынын Кен-Сай тилкесинде ишке ашырылат. Борбор айыл чарба продукцияларын сактоо, кайра иштетүү жана ташуу үчүн заманбап инфраструктураны түзүүгө багытталган.
Мекеме бул ишкана түшүмдү сапаттуу сактоого жана ички-тышкы рынокторго жеткирүүгө шарт түзөрүн билдирди. Ошондой эле аймакта жаңы жумуш орундарын түзөт. Учурда эскиздик долбоор тиешелүү кароодон өтүп жатканы айтылды.
Теги: логистикалык борбор, Ноокен