Элдик репортер. Суррогат эне болууга чакырган жарнамалар көбөйдү

Элдик репортер. Суррогат эне болууга чакырган жарнамалар көбөйдү

Ошто суррогат эне ( карын эне) болууга чакырган жарнамалар көбөйдү.  Бул тууралуу Reporter.kg’нин окурмандары билдиришти.

Шаардын көчөлөрүндө жабыштырылган жарнамаларда 20 жаштан 38 жашка чейинки аялдарга карын энелик сунушталып, ал үчүн 20 миң — 22 миң доллар убадаланат.

Жарнамада кыз-келиндер чет өлкөгө барып төрөп келери айтылат.

Мындай жарнамалар lalafo, instagram жана Tik-Tok тармагында дагы көп кездешет. Алардын баракчаларында, жарнамаларында эч кандай расмий аталышы жана дареги көрсөтүлгөн эмес. Андыктан расмий каттоодон өткөн медициналык клиника экендиги күмөн жаратат.

“Карын эне Бишкек” деген аккаунт 4 апта мурда ачылган. Анда байланышуу үчүн Грузиянын коду менен белгиленген телефон номуру көрсөтүлгөн. Ушул эле баракча Кипрге дагы карын эне болууга даяр кыргыз аялдарын издейт.

Социалдык тармактагы бир нече баракча кыргыз аялдарын Россиядагы суррогат эне программасына катышууга чакырат. Мында айына 25 миң рубль, ымыркай төрөлгөндө 1 миллион рубль акы сунушталат. Эгер эгиз төрөлүп калса, кошумча дагы 150 миң рубль берилери айтылат.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстанда катталбаган клиникаларга суррогат энеликти жарнамалоого тыюу салууну сунуштайт. Анын айтымында, мындай кадамдарга барган аялдардын укугу корголбой, кызмат акысын албай калган учурлар көп кездешет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>