Ысык-Көлдөн төрт айда 7 тоннадан ашык таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн төрт айда 7 тоннадан ашык таштанды чыгарылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары Ысык-Көлдүн түбүн таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалап жатышкандарына 4 айдын жүзү болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда бул иш дагы да болсо уланып, 12-марттан бери жалпы 7150 кг таштанды, 96 000 синтетикалык тор чыгарылды.

Чолпон-Ата, Бостери, Булан-Сөгөтүдө жайгашкан эс алуучу жайлардагы суу астынан желим бөтөлкөлөр арбын чыгып жатканын билдирген суучулдар сезондо көлдүн тазалыгына жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырышат.

Белгилей кетсек, быйыл Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазало иши президент С.Жапаровдун жарлыгынын негизинде масштабдуу түрдө башталган. Ага ылайык бир катар министрликтерден турган жумушчу топ түзүлүп, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>