Кыргызстанда мыйзамсыз транзиттик жүк ташыгандарга айып пулду көбөйтүү сунушталды

Кыргызстанда мыйзамсыз транзиттик жүк ташыгандарга айып пулду көбөйтүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын аймагы аркылуу уруксаты жок транзиттик жүк ташыган айдоочуларга айып пулду көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатышат.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам долбоорун транспорт министринин орун басары Ырысбек Бариев тааныштырды.

Ага ылайык, Кыргызстандын аймагы аркылуу уруксаты жок транзиттик жүк ташыган айдоочуларга айып пулдун көлөмүн көбөйтүү сунушталууда. Учурда Кыргызстан дүйнөнүн 41 өлкөсү менен жүк ташуу үчүн уруксат кагаздары менен алмашат.

Талкууда депутат Бакыт Тентишев айып пулдардын өлчөмүн башка өлкөлөргө салыштырмалуу бирдей көтөрүүнү белгилеп, ашыкча салмак менен оор жүк ташыган унаалардын айдоочуларына карата колдонулуучу чараларды тактады.

Депутат Карим Ханджеза жалпы жолдордо жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын уруксат берилген салмагын тактап, бул мыйзам долбоору ишке ашса, фото-видео жазуу системаларынын даярдыгын сурады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>