23-сентябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтөтДастан Бекешев: Орунтаев менен мэр Бишкекти маскаралап бүтүштүЯндекс Кыргызстан экономикага кошкон салымы үчүн Экономика министрлигинин сыйлыгын алдыИИМ мектеп окуу китептерин сатуу боюнча кылмыш иши козголгонсун тастыктадыКыргызстан АКШдан 10 магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алатКараколдун мэри Иманов — Ширшовдун фондунун миллиарддары, туризм жана сындар тууралуу
Ысык-Көлдүн пляждарындагы таштанды үчүн айып салынышы мүмкүн
02.05.2025 | 18:43
Жогорку Кеңештин 30-апрелдеги жыйынында депутаттар Ысык-Көлдүн экологиясына байланыштуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты.
Жогорку Кеңеш кабарлагандай, анда “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамга жана Жоруктар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилет.
Мыйзам долбооруна ылайык, жээктеги объекттердин ээлери жана ижарачылары пансионаттардан баштап кафелерге чейин атайын техниканын жардамы менен пляждарды тазалаш керек. Бул жеке адамдарга да, юридикалык жактарга да тиешелүү.
Тазаланбаса, биринчи эскертүү берилет. Бир жыл ичинде кайталанса, жеке жактарга 5000 сом, ал эми юридикалык жактарга 10000 сом айып салынат.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоору биринчи окууда гана кабыл алынды.
Рубрики: Жаңылыктар