ЖАК кызматкерлерине экстремизм боюнча семинар өткөрүлдү

ЖАК кызматкерлерине экстремизм боюнча семинар өткөрүлдү

Бүгүн, 15-июнда Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлерине экстремизмдин алдын алуу боюнча семинар уюштурулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

«Жазаларды аткаруу мекемелеринде экстремизмди жана терроризмди алдын алууда укук коргоо органдарынын ролу»  аттуу темада семинар 50 жакын кызматкер катышкан.

«Аталган семинарда ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери, милициянын полковниги Манас Аманбаев кызматкерлерге  «Кыргызстандын аймагында экстремизм, терроризм түшүнүгү, алардын келип чыгуу себептери», «Кыргызстандагы диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террордук  уюмдардын идеологиясы», «Кылмыштуулуктун алдын алууда социалдык жоопкерчилик», «Киберкоркунучтар жана алардын алдын алуунун жолдору», «Жаштардын радикалдашуусу жана экстремисттик идеологияларга азгырылуусу», «Улуттар аралык ынтымак — мамлекеттин бүтүндүгү», «Радикалдашуунун жана экстремизмдин алдын алууда мамлекеттик  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын ролу» аттуу темалар боюнча атайын даярдалган слайддарды, баяндамаларды жасап, видеороликтерди көрсөттү», — деп айтылат маалыматта.

ИИМден белгилешкендей, семинарда экстремисттик, террористтик жана деструктивдүү көз караштагы диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө жол бербөө максатында жалпы күч түзүмдөрү менен биргеликте иш алып баруу тажрыйбасы боюнча маалым берилген.

Семинарды өткөрүү учурунда, катышуучулар тарабынан берилген суроолорго эксперттер тарабынан жооптор берилип, катышуучулар тарбынан сунуштар айтылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>