ФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолу
Аймактарда кадр жетишсиз. Депутат маселени чечүү жолун сунуштады
15.06.2023 | 17:06
Жогорку Кеңештин 15-июндагы жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев аймактарда квалификациялуу адистердин жетишсиздигин айтып чыкты.
Анын пикиринде, маселени чечүү үчүн студент бюджеттик негизде окууга киришерден мурун, Министрлер кабинети студент менен бир нече жыл аймактарда иштей турганы тууралуу келишим түзүшү керек.
«Мисалы, 20 миң калкы бар Майлуу-Суу шаарында тажрыйбалуу акушер-гинеколог жоктуганан, кош бойлуу аялдар Кочкор-Ата, Масы же Жалал-Абадга барууга аргасыз», – деген депутат студенттер мамлекеттин эсебинен окуп, чет өлкөлөргө иштеп кетип жатышканын айтты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом