Жакшылыкка депозит ачылды: Ал 16 жашка чыкканда канча сом алат?

Жакшылыкка депозит ачылды: Ал 16 жашка чыкканда канча сом алат?

Кыргызстандын жети миллионунчу жараны болуп төрөлгөн Жакшылык үчүн «Айыл Банкта» депозит ачылып, ага 1 млн сом салынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Анын айтымында, депозитке салынган 1 млн сом 16 жыл ичинде 11,5 млн сомду түзүп калат.

«Айыл Банкта» жети миллионунчу Жакшылыктын сүйүнчүсүнө берилген бир миллион сомго «наристе» депозити ачылды. Буйруса, 16 жашында 11,5 млн сомду колуна алат. Депозиттен сырткары, Жакшылыктын бактылуу ата-энеси Валижан менен Айжаркынга 200 миң сом көрүндүгүн бердик. Ушундай эле белек президент Жапаровдун чечими менен дагы ар бир облус жана Бишкек менен Ошто удаа төрөлгөн сегиз балага тапшырылат», — деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын жети миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда төрөлгөн. Наристеге атты президент Садыр Жапаров Жакшылык деп койду. Жакшылык салмагы 3,9 кг, бою 54 см болуп төрөлдү. Жакшылыктын ата-энеси Валижан Абдурасулов менен Айжаркын Сыраждинова Баткендин Кызыл-Кыя шаарында турушат. Жакшылыктын төрөлүшү менен алар эки уул, эки кыздын ата-энеси болушту. Жакшылык Кыргызстандын жети миллионунчу жараны болуп төрөлгөндүгүнө байланыштуу ага мамлекеттен 1 млн сом берилери кабарланган.

Бүгүн, 25-октябрда Жакшылык апасы менен төрөтканадан чыгарылды.

Жети миллионунчу болуп төрөлгөн Жакшылыктын атасы менен маек

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>