Жапырт камоо: Экспертизаны түнү менен жасадыңарбы?, — депутат

Жапырт камоо: Экспертизаны түнү менен жасадыңарбы?, — депутат

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деген шек менен камалган саясатчы жана активисттер боюнча маселе каралууда.

Жыйында депутат Алишер Эрбаев камалгандардан алынган аудио жана видео жазуулар экспертизадан өтүшү керектигин айтты.

“Аудио, видео жазуулар болгондо алар экспертизадан өткөрүлүшү керек. Экспертизаны түнү менен жасадыңарбы? Массалык башаламандыкка жана бийликти басып алууга даярданып жатканы боюнча бүтүм чыктыбы?”,  -деп сурады депутат.

Ал эми ички иштер министринин орун басары  Эркебек  Аширходжаев эми экспертиза жүргүзүлөрүн белгиледи.

“Бул боюнча кылмыш иши козголгондон кийин атайын тергөө амалдары жүгүзүлгөн. Ошонун алкагында бизде жетиштүү далилдер бар”¸- деди ИИМдин башчысынын орун басары.

«Камоого чейин профилактикалык, эскертүү иштерин жүргүздүнөрбү?» —  деп сурады депутат.

Эркебек  Аширходжаев буга чейин ИИМ жана өкмөт тарабынан прафилактикалык иштер жүргүзүлгөнүн айтты.

 “Тергөө жаңы башталгандыктан мен толугу менен айтып бере албайм. Кылмыштын курамы болгондуктан тергөө жүргүзүлүп жатат. Эгер кылмыштын белгилери жок болсо, анда тергөө жүргүзбөйт болчубуз”, — деди Эркебек Аширходжаев.

Эске салсак, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген. 

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>