Кышка камылга. Таласта элге көмүр базар баасынан арзан сатылууда

Кышка камылга. Таласта элге көмүр базар баасынан арзан сатылууда

Кышка карата камылганы утурлай Талас облусунда «Альянс Алтын» компаниясы көмүр сатып алууга көмөкчү болууда. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Бакай Садыров билдирди.

Анын айтымында, Талас облусунун жашоочуларына жеңилдик кылуу максатында базар баасынан арзан көмүр алынып келип, элге сатылууда. Демилге өкүлчүлук тарабынан көтөрүлүп, каржылык колдоо «Альянс Алтын» компаниясынын өнүктүрүү фондусу тарабынан болгон.

«Бул жылы Талас облусунда көмүрдүн баасы жылдагыга салыштырмалуу жогорулады. Анын башкы себеби коңшу Казакстан өздөрүнөн чыккан көмүрдү экспорттоого тыюу салгандыгы. Андыктан базарда көмүрдүн тоннасын жеке жактарга сатууда наркы 7-8 миң сомго чейин болууда. Тургундарга жеңилдик кылуу максатында Кара-Кече көмүр кенинен көмүр алып келүү ишин уюштурдук. Облусубузга ар дайым жардамын берип келген «Альянс Алтын» фондусу көмүр ташып келүү үчүн кайтарымдуу негизде пайызы жок 2 (эки) миллион сом каражат бөлүп берди. Келишимдин негизинде көмүр ташыган тарап аны Талас шаарында 5,2 миң сомдон жана райондордун борборлорунда 5,3-5,5 миң сомдон элге жеткиликтүү баада сатышат», — деди ал.

Эскерте кетсек, Жерүй кенин иштеткен «Альянс алтын» компаниясы түзгөн «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду өткөн кыш айларында дагы жергиликтүү тургундарга көмүр таңкыстыгы жаралганда жардам берген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>