Акыйкатчы Орусиядан которулуп келген студенттер окуудан чыгарылып жатканы боюнча Башкы прокуратурага кайрылдыБермет Барктабасова гемодиализ боюнча мыйзам бузуулар кандайча жаралышы мүмкүн болгонун түшүндүрдүСаламаттык сактоо министри жол кырсыгынан жабыркаган адамды куткарган КММАнын студентин сыйладыКыргызстанда алгачкы жолу ДНК-изилдөөлөр боюнча эксперттер сертификатталдыНоокенде жергиликтүү дыйкан, багбандар үчүн транспорттук-логистикалык борбор курулатЫсык-Көлдөгү форумда РКӨФ аркылуу 800 млн долларлык макулдашууларга кол коюлат
Жактоочу шаар тургунун сызга отургузган деп шектелип кармалды
10.09.2024 | 09:45
Бишкекте жактоочу алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Кармалган жаран У.Э. 38 жашта. Ал жарандык иштер боюнча жактоочу болуп, Кыргыз Улуттук университетинде мугалим болуп иштейт.
ИИМдин маалыматы боюнча, ал бир жарандык иште шаар тургунуна жактоочу болуп, 2 миң доллар алган. Кийин “ишти оң жакка чечип берем” деп, алдоо жолу менен дагы 2 миң доллар жана 130 миң сомдук турмуш-тиричилик техникасын алган.
Алданган жаран укук коргоо органдарына арыз жазып, кылмыш иши козголгон.
Натыйжада аталган жактоочу дагы 170 миң сом алып жатканда кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.