Жалал-Абад электр тармактар ишканасына жаңы директор келди

Жалал-Абад электр тармактар ишканасына жаңы директор келди

Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору болуп Усенов Сүйүнбек дайындалды. Бул тууралуу Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын басама сөз катчысы билдирди.

Маалыматка караганда, 29-июнь күнү «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун башкы директору Алтынбек Рысбеков жаңы дайындалган директорду жамаатка тааныштырды.

Ал бул убакытка чейин, Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын башкы инженери болуп иштеп турган. Ал эми аталган ишкананын директору Азамат Паизов башка жумушка которулду.

Жалал-Абад электр тармактар ишканасында  1885 кызматкер иштейт, жалпы облус боюнча  253 073 абонент бар.

Эмгек ишмердүүлүгү:

2006-жылы — «Жалалабатэлектро» ААК  ОТП, инженер;

2006-2008-жылдары — Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасы, МСРЗАИ,  Электромонтёр;

2008-2009-жылдары — «Жалалабатэлектро» ААК, Сузак РЭТи, башкы инженер;

2009-2010-жылдары —«Жалалабатэлектро» ААК,  директордун техникалык маселелер боюнча орун басары;

2010-2017-жылдары — «Жалалабатэлектро» ААК, Сузак  РЭТи, башкы инженер;

2017-2022-жылдары —«Жалалабатэлектро» ААК, Сузак РЭТи, начальник;

2022-жылы — «Жалалабатэлектро» ААК, Ноокен РЭТи, жетекчинин электр энергиясын сатуу боюнча орун басары;

2022-2023-жылдары — Жалал-Абад электр тармактар ишканасы, башкы инженер;

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>