Салык кызматы 10 электромобиль жана үч жолдомо ойнотот

Салык кызматы 10 электромобиль жана үч жолдомо ойнотот

2023-жылдын 1-июлунда Ала-Тоо аянтында Салык кызматы уюштурган «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын чоң утушу өткөрүлөт. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул күнү 10 электромобиль жана Дубайга эки кишилик 3 жолдомо ойнотулат. Негизги байгелерден тышкары, иш-чаранын катышуучулары үчүн атайын кошумча 15 смартфон ойнотулат.

Утуштар кызыктуу шоу-программа жана эстрада жылдыздарынын концерти менен коштолот. Алардын арасында Кайрат Примбердиев, Каныкей, «Инсан» тобу, Эркин Мукашев, Салтанат Аширова, Жийдеш Идирисова, Баястан, Абир Касенов сыяктуу белгилүү ырчылар бар.

Иш-чара саат 19:00дө башталат. Саат 20.00дөн тартып утуштар УТРКда, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз алып көрсөтүлөт.

Бүгүнкү күндө лотереяга 236 миңден ашуун адам катышууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>