Жалал-Абадда баңги топ кармалды

Жалал-Абадда баңги топ кармалды

Жалал-Абад облусунун аймагында афган тектүү баңгизаттарды жеткирүү жана таратуу менен алектенген баңги топтун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, облус аймагында баңгизаттарды таратуу жөнүндө маалымат боюнча узак убакыт иштеп чыгуунун жыйынтыгында, айрым адамдар узак убакыт бою баңгизаттарды сатуу менен алектенишери аныкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон.

Ушул жылдын 23-июлунда болжол менен саат 20:40та Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман талаасында баңгизат сатуу аракетинде үч адам кармалган: 1991-жылы туулган А. уулу Э., 1981-жылы туулган Т.К.А. жана 1981-жылы туулган Н.И.Ж.. Алар «ВАЗ-2107» жана «ВАЗ-2106» үлгүлөрүндөгү эки жеңил унаа менен келишип, алардын ичинен афган тектүү «гашиш» (чарс) баңгизаты бар полимердик пакет алынган, анын таңгагы менен салмагы 1 кг 29 гр түзгөн.

Шектүү катары кармалган үч жаран Аксы райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кармалган “гашиш» баңги каражаттары мыйзамсыз базарга түшкөн учурда, кармалгандар 633 миң 864 сом пайда көрүүнү көздөшкөн.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>