Жалал-Абадда беш киши «Хизб ут-Тахрирдин» катарынан чыкты (видео)

Жалал-Абадда беш киши «Хизб ут-Тахрирдин» катарынан чыкты (видео)

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун беш тургуну «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик-террористтик уюмунун экстремисттик идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 55 жаштагы А.А.Т., 45 жаштагы А.Т.К., 44 жаштагы Т.А.А., 43 жаштагы Ю.Р.М. жана 22 жаштагы Х.Ш.Ш. аттуу жарандар экстремисттик идеологиядан эл алдында баш тартышкан.

«Бул адамдар мурда «Хизб ут-Тахрир» террористтик уюмунун экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып келишкен.

Аталган жарандар өздөрү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, жарандарды «Хизб ут-Тахрирдин» мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырышты», — деп билдирет УКМК.

УКМК «Хизбут-Тахрирдин» катарына жаңы тарапкерлердин тартылышынын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды улантууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>