Кыргызстанда РФ Мамлекеттик Думасына шайлоо үчүн төрт шайлоо тилкеси ачылатКыргыз-Кытай технологияларды трансферлөө борборунун филиалы ачылдыКыргызстан менен Корея соода жана инвестиция жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюштуБишкекте Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат«Биз өзүбүздүн чоң үйүбүздү куруп жатабыз»: КРСУнун ректору Сергей Волков — университеттин келечеги тууралууБарскоон суусунда балыктардын өлүмү катталды. Учурда иликтөө жүргүзүлүүдө
Жалал-Абадда газ баллон жарылып, бир адам көз жумду
14.07.2024 | 10:37
Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков көчөсүндө жайгашкан “Тору” соода борборунун маңдайында жайгашкан газдалган суу сатуучу күркөдөн 13-июль күнү саат 10:07 де кислороддук баллон жарылып, натыйжада 5 адам жарат алып, 1 жаран көз жумган.
ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, облус аймагында Жарандык коргонуу кызматтарына “Айгай” жарыяланып, ыкчам штабдык отурум өттү. Анда Жалал-Абад облусунун жарандык коргонуу башчысы Тилек Текебаев жана жарандык коргонуу башчысынын орун басары, полковник Абдулнасир Закиров тиешелүү тапшырмаларды койду.
Ага ылайык облустун аймагындагы тез тамактануучу жайлар жана кислороддук жана газ баллон колдонулган жайлар көзөмөлгө алынып, адистер тарабынан талапка жооп бербеген жайларды жабуу зарылдыгы белгиленди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар