Мушкер Ален Офойо шаар тургунун уруп, 2 тишин сындырган деп шектелүүдө

Мушкер Ален Офойо шаар тургунун уруп, 2 тишин сындырган деп шектелүүдө

Кыргызстандык белгилүү кикбоксчу Ален Офойо Бишкек шаарынын тургунун уруп, 2 тишин сындырып салган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.

Ал эми Октябрь райондук милициясынын маалыматы боюнча, 22-октябрда милицияга Б.У. аттуу жаран кайрылып, ошол күнү болжол менен саат 15:30да Юнусалиев көчөсүндө О. аттуу жаран кайым айтыш учурунда аны бир нече жолу бетке уруп, 2 тишин сындырып салганын билдирген.

Арыз каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Аталган фактыга байланыштуу окуяга катышкан 33 жаштагы О.Э., 41 жаштагы А.О., 38 жаштагы Б.У. жана 35 жаштагы Т.А. аттуу жарандар милицияга жеткирилген. Алар суракка алынып, андан кийин суракка келүү милдеттенмеси менен кое берилген.

Ошол эле учурда экинчи тарап да милицияга арыз менен кайрылган.

Учурда иликтөө иштери уланууда. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен окуяга катышкан адамдардын иш-аракетине юридикалык баа берилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>