Жалал-Абаддагы Сумсарсай дарыясына суу сактагыч курулат

10.06.2026 | 15:12
Жалал-Абаддагы Сумсарсай дарыясына суу сактагыч курулат — новости Кыргызстана

Жалал-Абаддагы Сумсарсай дарыясына суу сактагыч курулат. Аталган долбоор боюнча коомдук талкуу өтүп, ага Ала-Бука жана Чаткал райондорунун акимдери жана жергиликтүү тургундар катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор ишке ашырылса, сугат жерлеринин аянты болжол менен 1 миң 500 гектарга көбөйөт. Бул чара Айратам өрөөнүндөгү айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана түшүмдүүлүктү жогорулатууга багытталган. Ошондой эле ал сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга шарт түзөт.

Талкуунун жыйынтыгында объектинин зарылдыгы тууралуу протоколго кол коюлуп, долбоорлоо жана курулуш иштерин баштоо чечими кабыл алынган.

Мекеме учурда адистер долбоордун техникалык варианттарын жана экологиялык коопсуздук маселелерин иштеп чыгууну улантып жатышканын билдирди.

Scroll to Top