Өлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолуКыргызстандык Медет кызы Азия оюндарында күрөштөн коло медаль алдыAsman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэри
Жалал-Абадга баруучу учак Ошко конду. Жаңжал чыкты (ВИДЕО)
05.11.2021 | 15:19
Бүгүн, 5-ноябрда Бишкек—Жалал-Абад аба каттамы токтотулду. Бул тууралуу Бишкектен Жалал-Абад облусуна уча турган жүргүнчү “Акипресске” билдирген.
Анын айтымында, аба каттамы токтотулганына байланыштуу «Манас» аэропортунда чыр чыкты.
«Андан соң биз Ош шаарына учуп бардык. Ал жакта жүргүнчүлөр Жалал-Абадга жеткирүүнү талап кылышты. Жүргүнчүлөрдөн нааразычылык жок деп анкета толтурууну талап кылышты. Мындан улам жаңжал чыкты», – деди ал жана видео жөнөттү.
«Манас» аэропортунун маалыматына караганда, «Tez Jet» авиакомпаниясынын Бишкек—Жалал-Абад аба каттамы токтотулган.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом