Жалбырак өрттөгөн жарандарга 7,5 миң сом айып пул салынат

Жалбырак өрттөгөн жарандарга 7,5 миң сом айып пул салынат

Бишкек мэриясы жалбырактарды өрттөгөндөргө айып пул салынарын эскертти. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандарга 7,5 миң сом, ал эми ишканалар жана уюмдар үчүн 23 миң сом айып пул салынат.

Айып пул Кылмыш-жаза кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык кылмышкер күнөөсүн мойнуна алганына же албаганына карабастан салынат.

“Жарандар чогулган таштандыларды жана жалбырактарды коомдук иш күнү аяктагандан кийин кадимки таштанды контейнерлерине ыргытса болот. Андан кийин аны Тазалык” ишканасы алып кетет. Бирок жалбырактарды жана башка жашыл чөптөрдү өрттөөгө катуу тыюу салынат. Жалбырактардын түтүнүнөн зыяндуу заттар бөлүнүп чыгып, оор кесепеттерге алып келет”, — деп айтылат маалыматта. 

Муниципалитет ошондой эле 15-марттан 15-апрелге чейин Бишкек шаарында көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруунун бир айлыгы өтүп жатканын белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>