Кыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп бердиКРда акчаны адалдоо үчүн 1 миллион сом айып салуу жана фирмаларды жабуу сунушталуудаБишкекте заманбап авторлордун «Графика» көргөзмөсү өтөт
Жалпы республикалык тестирлөө качан өтөрү белгилүү болду
03.03.2023 | 11:55
Быйыл Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөнү 19-майдан 24-майга чейин өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, республика боюнча катталуучулардын санына жараша 120 тестирлөө борборлору түзүлөт.
Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстанда 69 миң окуучу 11-классты аяктайт.
ЖРТга каттоо 27-февралда башталган, 6-апрелда жыйынтыкталат. Былтыркы жылга караганда каттоо акысы 100 сомго кымбаттап, 470 сомду түзөт. Былтыр ал 370 сом болгон.
Ошондой эле, каттоо онлайн түрдө жүргүзүлөт. Кошумча маалыматты Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтынан алууга болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом