Керектөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылды
Жамгыр жаайбы? 18-24-июлга карата аба ырайы
17.07.2019 | 15:25
Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, 18-июлдан 24-июлге чейин Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.
Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.
Бишкек жана Ош шаарларында – 18-24-июль аралыгында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом