«Дөө Чыңгызды» камералашы өлтүргөн, ал мойнуна алды — ЖАК

«Дөө Чыңгызды» камералашы өлтүргөн, ал мойнуна алды — ЖАК

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлтүрүлгөнүн тастыктады.

Мекеменин маалыматына караганда, бүгүн Бишкектеги СИЗО-1 камералардын биринен Чыңгыз Жумагуловдун жансыз денеси табылган.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, ал жеке кастык мамиленин негизинде камералашы тарабынан өлтүрүлгөн. Кылмышкер буга чейин бул фактыны моюнуна алган. Окуянын бардык жагдайлары учурда тиешелүү тергөө органдары тарабынан иликтенип жатат», — деп айтылат ЖАМКнын билдирүүсүндө.

Эскерте кетсек, адам өлтүрүү бүгүн болгон. Камералашы Чынгыз Жумагуловдун кекиртегин кесип салган.

Буга чейин Чыңгыз Жумагулов кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактысы боюнча УКМК тарабынан кармалган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>