Жилмассивдерди массалык газдаштыруу 2028-жылдан эрте башталбайт — МаматалиевБишкектеги Кожомкул атындагы Спорт ордосун реконструкциялоого даярдык көрүлүүдөДекабрдан тарта укук коргоо органдарынын жана аскер кызматчыларынын айлыгы көбөйтүлөтКыргызстанда советтик курулуш ченемдерин заманбап стандарттарга алмаштыруу пландалуудаПанфилов атындагы паркта жаңы амфитеатр ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 15-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөт
Милиция кызматкери Көчмөндөр оюндарында алтын медаль жеңди
03.09.2026 | 12:28

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында таяк тартыш боюнча мелдеште Кыргызстандын куржунуна алгачкы алтын медалды милициянын кенже лейтенанты Элдана Болотбекова алып келди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББи билдирди.
Элдана Болотбекова Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүсү болуп эмгектенет. Ал таяк тартыш боюнча таймашта атаандаштарын жеңип, биринчи орунду ээлеген.
Спортчу оюндардын расмий ачылыш аземинде Кыргызстандын курама командасы менен бирге салтанаттуу жүрүшкө катышкан. Свердлов РИИБдин өздүк курамы кесиптешин жеңиши менен куттуктап, мындан аркы иштерине ийгилик каалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт