Садыр Жапаровдун 27 жаштагы уулу Дастан жол кырсыгынан алган оор жаракатынан улам эсине келбей, 26-августта Бишкекте ооруканада каза болгон. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 28-августта Түп районунда болот.
Тигүүчүлөр жана электрондук соода менен алектенгендер бирдиктүү салыктан убактылуу бошотулдуНарында ок атуу боюнча жаңы спорттук тир ачылдыКыргыз улуттук филармониясы жана Кореянын Сеул искусство жана маданият фонду кызматташатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына «Бишкек Аренага» шаттл-автобустар каттайт – даректерКылымдарды карыткан Кытай: Бишкекте өзгөчө эл аралык көргөзмө ачылдыБишкекте Кызыл-Суу кыргыздарынын аткаруусунда «Манас» спектакли коюлат
ЖАМК: Жапаровго каза болгон уулунун тажыясына катышууга уруксат берилди
27.08.2019 | 11:26
Экс-депутат Садыр Жапаровго каза болгон уулунун тажыясына катышууга уруксат берилди. Бул тууралуу Репортер агенттигине Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.
“Бүгүн, 27-августта ЖАМК жактоочу Шарабидин Токтосуновдун өтүнүч катын карап, Жапаровду уулунун тажыясына катышууга уруксат берүү чечим кабыл алды. Тиешелүү документтер даярдалып бүтсө бүгүн чыгат, бүтпөй калса анда эртең чыгат. Аны жаза аткаруу мекемесинин кызматкерлери коштоп барат”, – деди Сабатарова.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом