Нарында Ормон хандын эстелиги ачылды (сүрөт)

Нарында Ормон хандын эстелиги ачылды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда Нарын облусунда Ормон хандын 230 жылдыгын белгилөөнүн алкагында анын эсетилигин ачты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Эстелик Семиз-Бел айылында тургузулуп, аны менен бирге Кыргызстандын мамлекеттик туусу орнотулган.

Иш-чарада Садыр Жапаров сөз сүйлөп, 19-кылымдагы татаал кырдаалда Ормон Ниязбек уулу бытыранды кыргыз урууларын бир хандыкка бириктирүү демилгесин көтөрүп, хан шайланып, жоопкерчиликти өзүнө алганын белгилеген.

«Бул окуяны — Кыргыз хандыгынын түзүлүшүн кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүүдөгү эң орчундуу окуя катары кароого болот. Ошондуктан Ормон хан атабыздын кыргыз элинин эгемендиги үчүн жасаган эрдиги менен өтөгөн эмгеги татыктуу бааланышы керек.

Урматтуу агайын туугандар, калайык-калк, Ормон хан сындуу көз карандысыздыкты коргоого, жерибизди сактап калууга салым кошкон өз мезгилинин чыгаан уулдарына – ата-бабаларыбызга таазим кылып, алардын аттарын даңктап-даңазалайлы», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>