Жапаров Айжигитовдун чек ара келишими боюнча жасаган билдирүүсүнө жооп берди

Жапаров Айжигитовдун чек ара келишими боюнча жасаган билдирүүсүнө жооп берди

Президент Садыр Жапаров депутат Султанбай Айжигитовдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу жасаган билдирүүсү боюнча «Кабар» агенттигине комментарий берди.

Эскерте кетсек, 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдин долбоору боюнча кооптонууларын айтып чыккан. Ал Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга берилбеши керектигин, ошондой эле Ворух анклавынын жери, бейтарап макамын ала турган жолдор боюнча оюн билдирген.

Бул билдирүүсүнөн кийин ал парламенттеги «Ыйман Нуру» фракциясынан чыгарылган.

Жапаров Айжигитовдун билдирүүсүн көрүп чыкканын билдирип, аны «демагогия» деп атады.

«Албетте көрдүм, толук уктум. Демагогия, жалаң демагогия. Бул киши үч күндө пикирин алмаштырып башкача сүйлөп чыкканы түшүнүксүз. Эмнеге минтти изилдеп көрүшүбүз керек. Бул киши баарын билет, түшүнөт, беш колундай билет. Бирок эмнегедир башка дагы көп маселелерде билмексен болуп эле провокация жасай бергенин байкап жүрөм», — дейт ал.

Преизидентиин айтымында, Ворух анклавынын жери мурдатан бери 14,5 миң гектар болуп келген.

«Мисалы кечээки сөзүндө Ворухту айтып жатат. Биз 19 миң 500 гектар жер берип койгондой айтты. Ворух өзү илгертен берки карталар боюнча 14 миң 500 гектар жерди ээлеп турат. Муну бул киши жакшы билет. Өзү баткендик. Анысы аз келгенсип губернатор болуп да иштеген.

Андан сырткары ворухтуктар 5 миң гектарды түзгөн биздин жайлоону пайдаланып келишкен. Ал жайлоого биздин жергиликтүү эл Ворух аркылуу гана баргандыктан бүгүнкү күнү эч ким пайдаланбайт. Ал жайлоого барчу башка жол жок. Ошол жайлоону толугу менен бизге таштагыла, ордуна биз силерге башка жерден беш миң гектар жер берели, алмашалы дешкен. Биз жок, баарын эмес, бир миң гектар гана алмашалы деп миң гектар калтырып, ордуна Чоң-Алайдан миң гектар жер жайлоо алдык.

Ошону менен Ворух 15 миң 500 гектар менен токтоду. Бүттү. Мындан ары түбөлүк чекит коюлду. 14 миң 500 гектар илгертен берки карталар боюнча алар ээлеп келген жер. Муну билип туруп бул депутат манипуляция кылып жатат», — дейт Жапаров.

Жапаров Баткен районундагы Достук айылы тууралуу да оюн айтты.

«Ал эми Достук айылы боюнча. Достук айылы Ворухка дарбаза болуп турат имиш. Ворух каякта дагы Достук айылы каякта? Экөө эки башка жактарда турат. Ворухка Ак-Сай айылы дарбаза болуп турат. Мунун баарын бул киши беш колундай билет. Эки тарап тең стратегиялык максатты көздөп алмашууларды кылган жокпуз. Кайсы жерде дайыма чыр-чатактар чыгып кетип жаткан жерлерди алмаштык.

Анткени алмашылган жерлер же анклав, же шахматтын тактасындай аралашып жайгашып калган, же чек араларыбызга чапташып турган айылдар. Биз деле алардын айылдарын алдык», — дейт ал.

Анын айтымында, Тажикстанда да чек ара келишими боюнча бийликке сын айткандар болууда.

«Алардын эли деле өз бийлигин сындап жатканын көрүп турабыз. Эки мамлекеттин ортосунда чек ара чечилип жатканда бир айылдын кызыкчылыгы болбош керек.

Дагы бир сөзүнө көңүл бурдум. «Настоящий договор бессрочно, денонсации не подлежит деп туура эмес кылышкан» дейт. Бул кишинин ою боюнча ар жыл сайын кайрадан жер талашып, согушуп, атышып турушубуз керекпи?», — дейт ал.

Чек ара түбөлүккө чечилгенин айткан Жапаров эки тараптын кызыкчылыгы теңме-тең болгонун билдирди.

«Чек ара боюнча дагы айта турган көп сөздөр бар. Азырынча айтууга болбойт. Баары бүтсүн анан айтабыз.
Ошондо биздин ишибизге тарых баа берет. 5 деген баа берилерине бөркүмдөй ишенем», — дейт Жапаров.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>