Октябрь райондук сот аткаруучулары 2,9 млн сомду ыйгарып алышкан

Октябрь райондук сот аткаруучулары 2,9 млн сомду ыйгарып алышкан

Бишкектин Октябрь райондук сот аткаруучулары 2,9 млн сомду өздөрүнө ыйгарып алышкан. Бул тууралуу Башкы прокатурадан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Бишкек шаарынын Октябрь районунун сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн кызмат адамдары тарабынан САКБнын «Оптима банктагы» депозиттик эсебинен 2 млн 965 миң 800 сом акча каражаты мыйзамсыз алынып, кызмат абалынан пайдалануу менен өзүнө ыйгарып алуу фактысы аныкталган.

Натыйжада мыйзамдуу каражатты алуучуга өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголду.

Бүгүнкү күндө кылмышкерлерди мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: сот

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>