Жапаров Путин менен Кремлде жолукту

Жапаров Путин менен Кремлде жолукту

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мааракелик жыйынынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жолугушуусу болду. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Владимир Путин Садыр Жапаров менен эки тараптуу форматта жолугушууга кубанычта экенин белгиледи. Анын айтымында, талкуулана турган маселелер көп, бирок жалпысынан өлкөлөр ортосундагы мамилелер жакшы өнүгүп жатат. Өткөн жылы сооданын олуттуу өсүшү катталган – 30 пайыздан ашык.

«Орусия Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндө биринчи орунду ишенимдүү ээлейт. Албетте, өзүнчө талкууну талап кылган маселелер бар. Мен бул маселелерди эл аралык иш-чаранын алкагында да талкуулоого боло турганына абдан кубанычтамын”, — деп баса белгиледи Путин.

Садыр Жапаров орусиялык кесиптеши менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна кубанычта экенин билдирди.

«Биринчиден баарыбызды Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер. Быйыл биз дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгын да белгилеп жатабыз. Мына ушуга байланыштуу мен сиздерди жана бүткүл улуу орус элин ушул юбилей менен куттуктаймын. Биз Россия Федерациясы менен бардык тармактарда кызматташууга ар дайым кызыкдарбыз», — деп билдирди Садыр Жапаров.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>