Алымкадыр Бейшеналиев Германиядан кыргыз элине кайрылды

Алымкадыр Бейшеналиев Германиядан кыргыз элине кайрылды

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Германиядан орун басарларына жооп кайтарды. Ошондой эле жалпы кыргыз элине кайрылуу жолдоду. Reporter.kg кайрылуунун текстин өзгөртүүсүз толугу менен берет.

«Урматтуу, Кыргызстандыктар!

Менин үч орун басарым кызматтан кетүүмдү талап кылган маалыматтарынан кийин, алар боюнча туура чечим кабыл алууга убакыт келип жеткенине ишендим. Буга чейин алардын үстүнөн коомчулуктан келип түшкөн арыз даттануулар канчалык деңгээлде чын экенине көзүм жетти.

Кудай буюруп, иш сапардан келсем биринчи кезекте үч орун басардын ээлеген кызматтарына ылайыктуулугу тууралуу маселени карай турган болдум. Анткени, алар боюнча менин божомолдорум, шек саноолорум туура чыкты. Себеби, Ташиев, Бектурганов жана Рахматуллаевдер жүрүп жаткан реформаны саботаж кылып, анысы аз келгенсип бут тосушту. Жети-Өгүздөгү пара «спектаклинин» артында кимдер турганы азыр ачыкка чыкты. Анткени, алар билим берүү мекемелеринин ээлерине маалыматтарды ачыкка чыгарып, сулуулук салондордун иши боюнча сын-пикирлерге көңүл бурбай, фармацевтика тармагындагы мыйзам бузуулар, жеке клиникалардын жана лабораториялардын ишиндеги мыйзамсыз иш аракеттер, коомдук тамактануучу жайларындагы антисанитариянын сакталбагандыгынын натыйжасында массалык адамдардын уулануусу катталып жатат.

Бирок, санитардык тармагын караган орун басар буга өз учурунда көңүл бөлбөй «кайдыгер» мамиле жасап келген. Саламаттыкты сактоо системасын санариптештирүүнүн ишке ашпай калышы, донордук каражаттардын натыйжасыз пайдаланышы жана башка көптөгөн фактылар — медицина тармагынын кыйрашына алып келди, бул өңдүү жагдайлар системадагы коррупцияны жоюуга жолто болуп келе жатат. Ошол себептен, жарандар Мамлекеттик клиникаларда болобу же жеке ооруканаларда болобу медициналык кызматты толук алалбай жатышат.

Буга дал ушул үч орун басардын кайдыгер мамилеси, тажрыйбаларынын жетишсиздиги таасирин тийгизди. Учурунда тааныш-билиштин аркасы менен кызматка келип жаратылуу иш бүтүрбөй, эми анын жыйынтыгын коомчулук көрүп жатат. Орун басарлар иш бүтүрбөй коллектив арасында интрига, ички чыр-чатактар менен жана мени каралоо менен гана күн өткөрүп калышты. Ага карабай, мен акыркы учурга чейин алар менен иштешип, реформага жигердүү катышат, алдыдагы жооптуу иштерде бири-бирибизди түшүнүп, чогу иш алып барабыз деп үмүттөндүм.

Бирок андай болгон жок. Мен орун басарларымды тура эмес түшүнүп алыпмын. Сыягы, пандемия учурундагы коррупция боюнча жетекчилердин жазасыз калганы алардын мындан ары да өз кызыкчылыгы үчүн гана иштей аларына ишеним жараткан окшойт. Бүгүнкү арыздангандардын баары Саламаттыкты сактоо министрлигинде 10-20 жылдан ашык иштегендиктен, медицина тармагынын кыйрашына алардын тиешеси бар деп ишенимдүү айта алам. Демек, алардын Саламаттык сактоо министрлигинен бошотулушу бүтүндөй саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери үчүн да, жарандар үчүн да жеңилдик болот.

Эми таза абийир менен 2020-жылдагы пандемияда каржы жана гуманитардык жардамдын уурдалышын иликтеп, бардык маалыматты коомчулукка жеткирүүгө болот. Биз баштаган реформабызды аягына чейин чыгарабыз. Азыркы бут тосуулары, кайсы бир топтун мага карата кааралоосу. Бирок, мен буга сынбайм! Элим, Президентибиз колдоп турса медицина тармагына өзгөрүүлөрдү алып келебиз» деп айтылат кайрылууда.

Буга чейин орун басарлары Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылып маалымат жыйын өткөргөн болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>