Жапаров: Шайлоодогу атаандаштарымды баарлашууга чакырам

Жапаров: Шайлоодогу атаандаштарымды баарлашууга чакырам

Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенде шайлоодо ага атаандаш болгон саясатчылар менен чогу иш алып барууга даяр.  Мындай пикирин ал бүгүн, 11-январда Ала-Тоо аянтында эл алдында сүйлөп жатып билдирди. 

Ал бөлүнүүдө эл гана зыян тартаарын айтып, атаандаштарын биримдикке чакырды. 

“Мени менен кошо президенттикке талапкер болгон биздин мекенчил эр азаматтарыбызга да ыраазычылык билдирем. Алардын да саясатта салмагы, кадыр баркы, тажырыйбалары бар, алар да эл урматына ээ болгон инсандар. Алардын да Кыргызстанды өнүктүрсөм экен, өлкөнү кубаттуу мамлекетке айлантсам деген ыйык тилектери бар. Мен атаандаштырымы дал ушул үчүн сыйлайм. Буйруса президент катары толук кандуу ишке киришкенде аларды да кеңешип баарлашууга чакырам. Бири-бирибизге карата жалган жалаа, ушак –айың, көө жапмайдан эл турмушу эч качан оңолуп кетпейт”, — деди Жапаров.     

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>